Бишкекте республикалык театр фестивалы болду

22-Июнь 2017, Бейшемби

Кыргыз эл акыны, драматург, жазуучу Жалил Садыковдун 85 жылдык юбилейине карата 9-республикалык театралдык фестиваль Бишкек шаарында 11-15-июнга чейин өткөрүлдү. Ага республикадагы мыкты делген 11 театр өздөрүнүн спектаклдери менен катышты. Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрына “Эң мыкты стенография” наамы берилди. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүм башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.

Анын айтымында, эмгек жамааты япон драматургу Дзюндзи Киноситанын “Каркыранын канаты” спектаклин коюшкан.

"“Эң мыкты стенография” наамынан сырткары спектаклде терс каарман Содонун ролун аткарган Адыл Абдивахитовго эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылды", -дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!