Сууга түшүү эрежелерин сактоону эскертишти

22-Июнь 2017, Бейшемби

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жергиликтүү бийлик башчыларына сууга түшүүчү жайларда, эс алуучу көлмөлөрдө, бассейндерде, каналдарда атайын сууга түшүү эрежелери боюнча табличкалар, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөрдү илүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Тилекке каршы, сууга түшүүчү жайлардын коопсуздук боюнча чаралары толук кандуу аткарылбай жаткандыктан, жарандардын сууга чөгүп каза болгон учурлары көп катталууда.

“Бүгүнкү күнгө облустун аймагында такталган 40тан ашуун атайын сууга түшүүчү жайлар аныкталган. Баарынын абалы сууга түшүү үчүн атайын коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан, сууга чөгүп каза болгондордун алдын алуу максатында ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы 19-июндагы №81 телефонограммасы аткаруу үчүн облустун аймагындагы бардык район-шаарлардын башчыларына жөнөтүлдү”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 6 ай ичинде аталган облустун аймагында 1 жаш кыз сууга чөгүп каза болсо, 2017-жылдын 6 ай ичинде 11 адам сууга чөгүп каза болгон (Анын ичинен 4 эркек, 3 аял, 4 жаш бала).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!