Атамбаев Москвадагы кыргызстандыктар менен жолугушту

22-Июнь 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев расмий Москвага жасаган иш сапарынын алкагында Россияда окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу суроо-жооп иретинде өттү.

Пикир алышуу билим берүү, куралдуу күчтөр, энергетика, транспорт тармагындагы ишке ашырылып жаткан реформалар, анын ичинде Россияда күн кечирип жаткан эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү жаатында болду.

Мамлекет башчысы мекенинен алыста жүргөн кыргызстандыктардын жумуш шартын жакшыртуу багытында чараларды кабыл алуу боюнча орус бийлигинин жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи. Өзгөчө меднициналык жардам көрсөтүү, улуттук айдоочулук күбөлүгү менен Россиянын аймагында иштөө маселесине да токтолду.

Расмий маалыматтар боюнча Россияда жарым миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!