Мыйзамсыз сатылган дарыларга рейд жүрдү

22-Июнь 2017, Бейшемби

"Ош" базарында мыйзамсыз сатылган дарыларга рейд жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Ленин райондук администрациясы тийиштүү ведомстволор менен биргеликте жумушчу топ түзүп, «Ош» базарында мыйзамсыз сатылган дары-дармектерге чара көрүп, аларды жоюу боюнча рейд өткөрдү.

Рейд «Берекет» ЖАК аймагында, «Ош» базарынын айланасында болуп, текшерүүнүн жүрүшүндө учурда 17 дары-дармек сатуучу жай мыйзамсыз иштеп жатканын аныкталды. Алардын баары өз ишин токтотту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!