Жарылуудан жабыркагандардын бири көз жумду

22-Июнь 2017, Бейшемби

Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы газ сатуучу жайдагы болгон жарылуудан жабыр тарткандардын бири таңкы саат 6:00дө каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1956-жылы туулган Б.А.нын денеси 100 пайызга күйүп калган. Ал эми калган 6 бейтап учурда Чолпон-Атадагы аймактык ооруканада дарыланууда. Алардын үчөөсүнүн абалы оор, калгандары орто.

Эске салсак, 19-июнда Ананьево айылындагы газ сатуучу жайда газ баллондор күйүп, өрттөн 8 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракаттарды алган. 2 адам (1 эркек киши жана анын 3-класстагы уулу) окуя болгон жерден каза болгон. 1 газовоз унаа, 2 портер, 1 жеңил унаа жана 500 даана газ баллон күйгөн. Анын кесепетинен 2 адам каза таап, 8 адам жабыркаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!