Кафедеги уруш өлүм менен аяктады

22-Июнь 2017, Бейшемби

Бишкек шаарындагы кафенин жанынан 24 жаштагы жигитти бычактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 4-июнь күнү болгон. Ушул эле күнү саат 04:20да Биринчи май РИИБге ооруканага бычакталган эркек киши жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери ооруканага барганда, бычакталган жаран 1993-жылы туулган А.И. экени аныкталган. Ал төшүнө бычак сайылгандан кийин ооруканага жеткирилип, бирок көп узабай каза болгон.

Маркум шаардагы кафеледин биринен чыгып бара жатканда анын достору менен бейтааныш 3 жигиттин ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташка айланган. Мушташ учурунда 3 жигиттин бири жабырлануучуга бычак сайып, окуя болгон жерден качып кетүүгө жетишкен.

«Окуядан көп узабай Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Ш.Ш. шектүү катары камакка алынган. Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча козголгон, кылмыш иш тергелип жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!