Калинина: “Карыялар майрамында эле чакырышат”

22-Июнь 2017, Бейшемби

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык 2050 жылы улгайган адамдардын саны 2 млрдды түзөт. Статистикалык маалыматка ылайык жылдан-жылга пенсия курагындагы жарандардын жашоо шарты оорлоп барат.

Карыялардын коомдогу оорду кандай, канткенде алар толук кандуу коомдун мүчөсү боло алат. Кантип өзүмдү улгайган жашоого даярдайм, бактылуу карылыкты түзсө болобу? Ушул жана башка суроолордун тегерегиндеги талкуу болду. Бул талкууга тиешелүү тармактын өкүлдөрү, жергиликтүү кеӊештин депутаттары катышты. Ал Улуттук Кызыл Ай коомунун жыйын залында өткөрүлдү. Тегерек стол «Ыйман адеп жана маданият жылынын» алкагында болду.

Талкууда жалгыз бой карыларга кам көргөн социалдык кызматкерлердин милдеттери, эмгек акылары жана көрсөткөн кызматтынын сапаты каралды. Ошондой эле карыялардын тажрыйбасын билимин кандай жол менен колдонуу каралды. Андан тышкары бул муундун адамдарына көрсөтүлгөн зордук зомбулукту кантип токтотуу маселеси көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин адистери, депутаттар бул маселени мүмкүн болгон жолдорун карап чечүүгө даяр экенин билдиришти.

Катышуучу улгайгандар кандай кыйынчылыктарга дуушар болоруна токтолду.

«Карылык –бул жалгыздык, сен эч кимге керегиӊ жок, коомго эч кандай пайда алып келбей калган учур. Дарыгерлер сени кабыл алгысы келбеген, маршруттук таксилер токтобогон курак. Коомдон түртүлгөн кез. Бирок бизде канчалаган билим, тажрыйбалар ташкындап турат. Алардын баары менен бөлүшкүбүз келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарадар үчүн олимпиядалар өткөрүлөт. Бизди дагы ушундай иш-чараларга тартса. Бизди карыялар майрамында эле эстеп чакырышат. Кээде кайсы бир чогулуштарда залды толтуруу үчүн керекпиз. Биз дагы коомго салым кошкубуз келет», -деди Ирина Калинина.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар топторго бөлүнүп, ар бирине берилген темалар боюнча сунуштарын билдиришти.

Ал эми Улуттук Кызыл Ай коомунун Бишкек шаардык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алия Атакулова: «Мени катышуучулардын баары талкууга кызыгуу менен катышып, маселени чечүүгө ынтызар болгону таӊ калтырды. Өзгөчө жергиликтүү кеӊештин депутаты активдүү катышты. Албетте, биргеликте күчтүүбүз. Ошондуктан улгайган адамдарыбыздын маселелерин бирге чечебиз»",-деди.

«Талкууда сунушталган идеялардын иш ашыруу пландаштырылууда. Мисалы, шаардагы китепканаларда жаш жеткинчектерге китеп окуп берүү, шаарыбыздын тарыхый жерлери жөнүндө бөлүшү жана башка», – деп кошулчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!