​Ак-Ордо, Арча-Бешик конушуна таза суу берилет

22-Июнь 2017, Бейшемби

Бишкек шаарынын мэриясы Арча-Бешик жана Ак-Ордо конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Ленин районундагы аталган эки конуштун тургундарына ичүүчү суу менен төмөнкү дарек аркылуу берилип турмакчы.

- “Ак-Ордо” конушу №3 МТУ имараты

- Жетиген көчөсү №109, №3 МТУ А. Баймамбетов байланыш номуру : 0551 16 08 83;

“Арча-Бешик” конушу №4 МТУ имараты Ж. Шералиев менен Баатыр көчөсүнүн кесилиши. Н. Сагынбаев байланыш номуру. 0708 70 83 20.

Ичүүчү суу күн сайын эрте мененки саат 9:00дө, кечки саат 18:30 берилип турмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!