Ажатканадан эки адамдын өмүрү кыйылды

22-Июнь 2017, Бейшемби

Кызыл-Кыя шаарында 61 жаштагы аял өз үйүндөгү ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 21-июнь күнү саат 13:30дар чамасында болгон. Кызыл-Кыя шаарынын Рыскулов көчөсүнүн жашоочусу өзүнүн үйүндөгү ажатканага түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн алып чыгып, сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Эскерте кетсек, 14-июнда Токтогул шаарында 2015-жылы туулган кыз короодо ойноп жүрүп ажатканага түшүп кетип каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!