Бир катар кылмыштар аныкталды

22-Июнь 2017, Бейшемби

Милиция кызматкерлери баңгизатына байланышкан бир катар кылмыш иштерин аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери кезектеги ыкчам иликтөө иш-аракеттерин жүргүзүү убагында колунда полиэтилин баштыгы бар шектүү жаранды байкап калышкан. Алдын ала текшерүүнүн натыйжасында баштыкта өзгөчө жыты бар зат табылып, шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы жашоочусу кармалган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал зат 2 кг 500 грамм салмактагы баңгизаты марихуана болуп чыккан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана ири өлчөмдөгү банги затын ташуу» беренси боюнча кылмыш иши козголгон.

Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул окуяга удаа эле Токтогул РИИБдин тарабынан баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү делип жергилииктүү 33 жаштагы тургун кармалды. Кармалган учурда анын жанынан 500 грамм марихуана табылган. Ушундай эле өлчөмдөгү баңгизаты марихуана менен Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондун 25 жаштагы тургуну Т.Б. кармалган.

Андан сырткары Кемин РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун өкүлдөрү Чүй областынын ШИИБнын патрулдук милициясы менен бирдикте “Бишкек-Торугарт” автожолунун 117 километринде “Хонда--Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Бишкек шаарынын тургуну 53 жаштагы Г.А. аттуу адамга таандык автоунаанын салонунан салмагы 376 граммды түзгөн кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар баңгизаты табылган.

Ошондой эле Ысык-Ата РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери соттун чечиминин негизинде 57 жаштагы В.Н. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүп, анын натыйжасында ал тургундун бакчасында өсүп турган 14 түп опийим бар экенин аныкташкан.

Учурда жогоруда аталган фактылардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!