Сүлүктүдө бир адам шахтадагы газга ууланды

23-Июнь 2017, Жума

Сүлүктүдөгү шахтадан газ чыгып, куткаруучулар бир адамды оор абалда чыгарышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын “Алтын-бешик” жоопкерчилиги чектелген коомунун шахтасында газ чыккан. ӨКМнин 1-тоо-кен-куткаруу взводунун куткаруучулары 1969-жылы туулган Б.Элмуратовду оор абалда шахтадан алып чыгышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!