Унаа даракты сүзүп, бир аял каза болду

23-Июнь 2017, Жума

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Калинин көчөсүндө “Гольф 2” үлгүсүндөгү унаа даракты сүзүп, кырсыктан улам жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган унаанын ичинде эки адам болгон. ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаадага кыпчылып калган эки адамды алып чыгышкан.

“1987-жылы туулган А. аттуу айдоочу башынан жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилди. Ал эми жүргүнчү аял окуя болгон жерде көз жумган. Учурда өздүгү такталууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!