Суу сактагычта 7 кайык жок кылынды

23-Июнь 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан Нарын дарыясынын Токтогул суу сактагычындагы куймаларында 7 кайык жана 2500 метр торлор өрттөлүп, жок кылынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын жана жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргеликте, мыйзамсыз балык уулоону алдын алууга багытталган рейдде белгилүү болду.


Анын жүрүшүндө, 2500 метр тор, 7 колдо жасалган кайык мыйзамсыз балык уулоого колдонулганы аныкталды. Жеринде инспекторлор тарабынан тор менен кайыктар өрттөлүп жок кылынды. Ал эми балык уулоо менен алектенген жарандарга мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди. Экинчи ирээт балык уулоо менен кармалса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөөрү айтылды.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун айтымында, акыркы жылдары мыйзамсыз балык уулоонун айынан алардын айрым түрлөрүнүн жок болуу коркунучу пайда болуп жатат. Буга байланыштуу ар убак рейддер өткөрүлүп, кармалгандарга түшүндүү, эскертүү, айыпка жыгуу чаралары көрүлүп келет.

Эске салсак, мыйзамсыз бир балык кармаганы үчүн айып пул түрүнө жараша эң азы 303 сом болсо, эң көп сумма 3030 сом түзөт. Эгерде ири көлөмдө мыйзамсыз балык кармагандар аныкталса, кылмыш иш козголушу мүмкүндүгүн инспекторлор эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!