Ошто "Өз укугуңду бил" акциясы болду

23-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 23-июнда Ош шаарында «Өз укугуңду бил» аттуу акциясы өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан маалымдашты.

Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жана мамлекеттик нотариустар, Ош шаарынын ЖААК бөлүмү, паспорт стол, МАМ каттоо кызматкерлери менен биргеликте үч күн ичинде Ош шаарынын 405тен ашуун тургундарына акысыз кеңештер берилди.

Акциянын жүрүшүндө жарандар юристтер тарабынан мурасты кабыл алуу боюнча, ишеним каттарды жана башка ар түрдүү келишимдерди түзүүнү, паспорт алууну, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу жана жер боюнча суроолоруна жооп ала алышты.

Иш-чаранын аягында башкармалыктын башчысы А.Зияев акциянын катышуучуларына терең ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Эске салсак «Өз укугуңду бил» акциясынын негизги максаты-жарандардын укуктарын коргоо, калктын укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана укуктук маданиятын жакшыртуу максатында уюштурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!