4 гектар жерде өскөн кара куурай өрттөлдү

23-Июнь 2017, Жума

Чүйдөгү 4 гектар жерде өскөн кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жүргүзүлгөн “МАК-2017” рейддин алкагында Сокулук районунун аймагында 4 гектар жерде өскөн кара куурай табылган. Бул жердеги кара куурай орулгандан кийин өрттөлгөн.

“Ошондой эле мындай рейддик иш-чаралар Чүй облусунун аймагында өткөрүлөт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!