Ошто эки адам сууга агып кетти

28-Июнь 2017, Шаршемби

Ош шаарында бир күндө эки адам сууга агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жапалак айылынында кечээ, 27-июнь күнү Араван каналына бир аял агып кеткен. ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары менен туугандары биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, туугандары тарабынан аялдын сөөгү табылган.

Ал эми ушул эле күнү саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кетип, дайынсыз болууда. Издөө иштерине ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!