Унаа уурдаган жарандар кармалды

28-Июнь 2017, Шаршемби

Бишкекте милиция кызматкерлери автоунааны уурдоо боюнча эки кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайлык, Октябрь РИИБдин кызматкерлерине “Тайота-Вист” үлгүсүндөгү автоунаасын машина жуучу жайга токтоткон маалда машина жуучу жайдын жумушчусу айдап качкандыгы боюнча Бишкек шаарынын жашоочусунан арыз келип түшкөн.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында изи сууй электе Чүй областынын тургуну 17 жаштагы А. Э. кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «мыйзамсыз негизде автоунаага жана башка автотранспортторго ээ болуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле милицияга өткөн жылдын август айларында “Мерседес Бенц-250” үлгүсүндөгү авто унаасын үйүнүн жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жаран тарабынан уурдалганына байланыштуу Бишкек шаарынын жашоочусунан арыз келип түшкөн. Бул факт боюнча Биринчи Май РИИБдин тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн берененин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар деп 32 жаштагы О. А. аттуу шаар тургуну кармашкан. Кылмышка шектүү адам №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери улантылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!