Алтыны менен колго түштү

28-Июнь 2017, Шаршемби

Эл аралык “Манас” аэропортунан Кыргызстанга аткезчилик жол менен ири көлөмдөгү алтын жана баалуу таштарды алып кирүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнда УКМК кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иштерине ылайык, “Манас” аэропортунда Кыргызстанга көп өлчөмдө мыйзамсыз алтын алып кирүүгө аракет кылган жеринен «У.И.» аттуу жаран кармалган.

Каржы министрлигинин алдындагы Кымбат баалуу металл департаментинин жүргүзгөн экспертизасынын жыйынтыгы менен, колго түшүрүрүлгөн зер буюмдар 585 алтын сынамда жазалган баалуу таштар 12 кг 363,48 гр экени аныкталган. Базар баасы менен алардын наркы 27 млн сом турат.

Бажы кызматынын эсеби боюнча аталган товарды өлкөнүн аймагына алып киргенге бажы төлөмдөр 5млн 200 миң 045 сом турат.

Бул факты боюнча УКМК «У.И» аттуу жаранга жана “Манас” бажысынын жооптуу адамдарынын үстүнөн “аткезчилик” жана “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеренин негизинде кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!