Кыргызстандын балдары-убакыт менен бирге

28-Июнь 2017, Шаршемби

Бишкектин “Ала-Тоо” борбордук аянтында “Кыргызстандын балдары-убакыт менен бирге” сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Көргөзмөнүн ачылышна Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, БУУнун Кыргызстандагы балдар фондунун төрайымы Юкиэ Мокуо жана башка шаар тургундары катышты.


Мында 50 дөн ашуун өспүрүм балдардын сүрөттөрдүн топтому жайгаштырылыган. Алар эки бөлүмдөн турат Кыргызстандын бардык аймактарынан тартылып алынган архивдик сүрөттөр тиркелген. Тагыраагы 1900-жылдан 1990-жылга чейин аралыкты камтыйт.

Ал эми экинчи бөлүмдө бишкектик балдардын ушул мезгилге чейинки аралыктагы балдардын сүрөттөрү бар.

Көргөзмө 17-июлга чейин созулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!