Патрулдук милиция кызматкери каза болду

29-Июнь 2017, Бейшемби

Чолпон-Ата шаарында унаа кырсыгына кабылган Патрулдук милиция кызматкери алган жаракатынан улам өзүнө келе албай каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 28-июнь күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда жол боюнда кызмат өтөп жаткан Патрулдук милиция кызматкердин автоунаасын катуу ылдамдыкта келаткан “Субару” үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзгөн. Анын кесепетинен милиция кызматкери алган жаракатынан улам ооруканада өзүнө келе албай көз жумган.

Ал эми “Субару” автоунаасынын айдоочусу кармалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!