​Ошто медицина кызматкерлери сыйланды

30-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 30-июнда Ош шаарында медицина кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, саламттыкты сактоо координатору Абдилатип Шамшиев катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого, өткөн жылы жана 2017-жылдын жарым жылдыгында жергиликтүү бюджеттен 62 млн.сом акча каражаты бөлүнгөндүгүн билдирди.

“Шаардагы салаттык сактоо мекемелерине жаңы медициналык жабдыктарды сатып алууга 5 млн.сом, шаардык клиникалык ооруканасынын капиталдык ремонтуна 20 млн. сом, 8 млн сом үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 филиалын кайтарып алууга бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2014-жылдан бери орто жана кичи медициналык кызматкерлерге коммуналдык төлөмдөрү үчүн колдоо иретинде акча каражаты жыл сайын каралып жатат”,- деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, жарандарды электорндук тейлөөгө өткөрүү максатында тийштүү акча каражатын бөлүнүп, 20 компьютер менен дарыгерлер борборунун филиалдары камсыздалгандыгын кошумчалады.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясы жана шаардык кеңешинин атынан бир катар медицина кызматкерлери ардак грамота, акчалай сыйлык жана баалуу белектертер менен сыйланды. Ошондой эле, КРнын саламаттык сактоо министирлиги тарабынан 25 кызматкерге “Саламаттыкты сактоонун мыктысы” төш белгиси тапшырылып, 2 кызматкер КРнын эмгек сиңирген дарыгери болду.

Айта кетсек, Ош шаарында үч жарым миңге жакын медицина кызматкерлери эмгектенет, алардын 4 КРнын эмгек сиңирген дарыгери, 4 медицина илиминин доктору, 14 медицина илиминин кандидаты, 200дөн ашууну “Саламаттыкты сактоонун мыктысы”.

Сыйлоо аземи чоң программадагы концерттик иш-чара менен коштолду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!