Таштандыга салкын мамиле кылгандар кимдер?

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкек шаарынын аймагындагы санитардык абалды жөнгө салуу максатында калаанын бир катар аймагында Санитардык-экологиялык инпекциясы тарабынан текшерүү өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калаанын төмөнкү мекемелер санитардык норманы сактабагандыгы аныкталды. Алар: “Жисян” ААК (медициналык борбор), “Маг” дүкөнү, “У Семиры”, “Цветочный дворик” жана “Жаңыбайдын жаңы самсысы” чайканасы таштандыларды таштоонун талаптарын так сактабагандыгы аныкталды.

Бишкек шаарынын мэринин СЭИнин инспекторлору тарабынан проктокол түзүлүп, Свердлов районунун администрациясына кароого жиберилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!