Депутат экстремисттик материал менен кармалды

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы менен 10-башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелген Базар-Коргон районунун жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты Ш. М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын жашаган жерин мыйзамдуу негизде текшерүү маалында экстремисттик мүнөздөгү материалдар алынган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын белгилерин билип туруп колдонуу, экстремисттик материалдарды даярдоо, алуу, сактоо, жайылтуу, ташуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам убактылуу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!