Жээнбеков курулушту тездетүүнү тапшырды

5-Июль 2017, Шаршемби

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда,Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарыны алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине Чүй облусунун Панфилов районундагы «Каинды-Кант»ААК алып баруучу жолдун ремонтун тез арада баштоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жолдордун абалы менен таанышып, 80% жүк жүктөлгөн (кант кызылчасы) авто унаалар «Каинды-Кант» заводуна ушул жол аркылуу өтөт. Мындан улам бүгүнкү күндө жол начар абалда, дыйкандар Кайыңды шаарынын ички жолдору менен жолду айланып өтүүгө муктаж. Бул шаардын ички жолдорунун бузулушуна алып келерин белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 10 күн аралыгында аталган жолдун ремонтун баштоону тапшырып, дыйкан-фермерлер үчүн байланыш шарттарын түзүү зарылдыгын билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун берген маалыматы боюнча жол тилкесинин 3км чакырымы ремонттоону талап кылат.Ошондой эле сууну бургулоо системасын орнотуу жана көпүрө куруу пландалууда.

Ал белгилегендей ремонт иштери анын ичинде Чүй облусунун ички жолдорун асфальттоо 2017-жылдын 15-августунда аягына чыгат.

Жумушчу сапарыны алкагында андан ары Өкмөт башчы Жайыл районунун Сосновка-Сары-Булак авто жол тилкесиндеги Кара-Балта дарыясынында 1967-жылы курулган көпүрөнүн абалы менен таанышты. Аталган көпүрө Чүй облусунун бир нече райондорун жана айыл өкмөттөрүн байланыштырат.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, азыркы учурда көпүрө авариялык абалда. Бүгүнкү күндө жарыяланган тендердин жыйынтыгында жалданма компания аныкталды, эми жакынкы күндөрү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталат. Бул максатка республикалык бюджеттен 14млн сом каралган. Аны менен бирге Жамшитбек Калилов маалымдагандай, Чүй облусунун Жайыл районунда жалпысынан үстүбүздөгү жылга республикалык бюджеттин эсебинен 5километр жолду асфальттоо пландаштырылган. Аталган иштердин жалпы баасы 22 млн сомду түзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ремонт, курулуш инфраструктуралык объектилер боюнча аткарууучуларга бардык пландаштырылган курулуш-ремонт иштери сапаттуу жүргүзүлүшүн дагы бир ирет баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!