Сел алып кеткен көпүрө оңдолууда

6-Июль 2017, Бейшемби

Жалал-Абадда селден жабыркаган көпүрөнү калыбына келтирүү жумушу колго алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Арсланбап айыл аймагында 5-июль күнү саат 08:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кызыл-Алма участкасында Кара-Арт тоосунан сел суулары агып келип, Арстанбап айылы менен Достук лагерин байланыштырган ички чарбалык көпүрөнүн асты агындыга толуп, суу айланып агып калган.

Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн Арсланбап токой чарбасынан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, жумуш саат 21:20да жумуш аяктаган.

Айта кетсек, аталган көпүрө 2000-жылы узундугу 4 метр туурасы 3,5 метр райондук профсоюз комитети тарабынан ашар жолу менен курулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!