Жол кырсыктан улам эки адам каза болду

6-Июль 2017, Бейшемби

Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 6-июлда таң эртең менен аталган райондун Мады айылында болгон. Анда «Shacman» оор жүк ташуучу унаа менен «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү жеңил унаа бетме-бет сүзүшүп, жеңил унаа оодарылып кеткен.

«Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жеңил унаанын ичинде кыпчылып калган айдоочуну жана бир жүргүнчү кыздын сөөгүн алып чыгышкан»,- деп айтылат билдирүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!