Элүү жети киши сууга аккан

6-Июль 2017, Бейшемби

Куткаруучулар сууга агып кеткен адамдардын сөөгүн издешүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районуна караштуу Лесхоз айылында 5-июлда саат 15:00 чамасында Бозала-Бостон каналындагы сууга 2 жашар кыз кулап кеткен. Куткаруучулар кыздын сөөгүн саат 22:50 чамасында табып, аны ата-энесине берген.

Мындан тышкары, 4-июль күнү Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы сууга 33 жаштагы эркек киши агып кетип, аны азыркы учурга чейин издөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, 1-июль күнү Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынан Сары-Жон айылына кеткен жолдун боюндагы БЧКга 2002-жылы туулган өспүрүм бала түшүп кеткен. Куткаруучулар сууга агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгүн издешүүдө.

Ал эми 4-июлда Чаткал районунун Курулуш айылындагы Чаткал дарыясына ОсОО “Концлер Аурум” алтын кен казуучу ишканасынын Ю. Я. аттуу котормочусу агып кеткени кабарланып, аны издөө иштери уланып жатат.

5-июлда Бишкек аркылуу аккан БЧК суусуна 27 жаштагы эркек киши агып кеткен. Издөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанда ар кандай кырдаалда 57 киши сууга аккан. Алардын 5 аял, 16сы балдар. Кырсык өзгөчө Чүй облусунда катталган. Атап айтканда Чүй боюнча 16 адам сууга акса, алардын 2сү Бишкектен болгон. Ош жана Жалал-Абадда сууга аккан 11 окуя катталган. Таласта-6, Ысык-Көлдө-5 жана Нарында-1 адам сууга агып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!