“Хизб ут-Тахрир” уюмунун 4 мүчөсү кармалды

6-Июль 2017, Бейшемби

Жалал-Абад облусунда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиген кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Базар-Коргон районунун Х.Х, А.А жана Сузак районунун С.И, Б.Д аттуу тургундары экендиги блгилүү болгон. Аларды тинтүүгө алган учурда жанынан Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун электрондук китептери, DVD дисктери жана брошюралары табылган. Аларга карата Кылмыш жана жаза кодексинин “улуттар аралык, расалык, диний жана аймактык чыр-чатакты козгоо” беренси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!