​Аскерлердин ыры таанымал болууда (видео)

7-Июль 2017, Жума

6-июлда интернет айдыңында Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жүргөн жигиттердин өздүк үн менен аткарган ыры пайда болду.

Тасмада көрүнүп тургандай аскерлер той мааракелерде ырдалчу «Карындаш» аттуу чыгарманы аткарышкан.

Бул видеодо кайсыл жерде, качан тартылганы белгисиз. Ал эми соцтүйүндүн колдонуучулары жагымдуу билдирүүлөрүн калтырып, кыргыз жигиттери менен сыймыктана турган сезимдери менен бөлүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!