Доллар уурдап качкан аял кармалды

7-Июль 2017, Жума

Бишкектеги соода борборлорунун биринен ири суммадагы каражат уурдап, изин жашырып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июлда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Арыздануучу ушул жылдын 31-май күнү саат 17:00 чамаларында “Ред-Центр” соода-түйүнүндө азият түспөлүндөгү белгисиз аял жабырлануучунун сумкасынан 5000 АКШ доллары бар капчыгын уурдап кеткендигинин билдирген. Шектүү кылмыш кылган жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренсинин негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББдин кызматкерлеринин ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган И. А. аттуу жаран Ысык-Көл областынан кармалган.

“Свердлов районунун ИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык кармалган жаран Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына которулду. Азыркы убакта шектүүнүн үстүнөн Бишкек шаарынын аймагында башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогу иликтенип жатат”, -деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!