Тилсиз жоодон 37 адам каза болду

7-Июль 2017, Жума

Өлкө аймагында 6 айдын ичинде 1327 өрт кырсыгы катталып, 37 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын алты ай ичинде республика боюнча 1327 өрт кырсыгы катталса, өткөн жылы 1487 болгон же бул жыл менен өткөн жылды салыштырганда өрт кырсыктары -10.8% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 240 миллион сомдон ашык түздү. Ал эми өрт кырсыгынын кесепетинен улам 2017-жылы 37 (2016-жылы 46 адам) адам каза тапса, 17 адам жаракат алган.

Ошондой эле өрттөн 45 адамдын өмүрү жана 590 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Ал эми өрттөрдүн негизги себептери: электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -35.9%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -30.7%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -12.5%, балдардын от менен ойноосунан -7.2%, өрт кырсыгы болгон.

«Өрттүн жалпы санынан 62.8% турак жай секторунда болгон. Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда туура келет. Бул аймакта жалпы 315 өрт кырсыгы катталып, кырсыктан улам 16 адам каза болгон. Андан сырткары Бишкек шаарында 261 өрт кырсыгы катталып, 6 адам каза болгон. Ошондой эле Ош облусунда (150), Жалал-Абад областында (162) жана 8 адам каза болгон, Ысык-Көл областында (155) 3 адам каза болгон»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!