​Гарвардда кыргыз кызы сабак берет

7-Июль 2017, Жума

Жакында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору, кыргыз коомчулугуна жазуучу жана журналист катары таанымал агайыбыз Абдиламит Мурзаевич Матисаков Американын Гарвард университетинде болуп кайтты. Ал сапардын кыскача мазмунун агайыбыздын өз оозунан угалы...

.- Насип экен, үстүбүздөгү жылдын 24-майынан 24-июнуна чейин Америка Кошмо Штатында иш сапарда болууга туура келди. Анын башкы себеби, Америкадагы Бостон шаарындагы Браун университетин бүтүрүп, ошол жерде магистратурасын аяктап, докторлук илимий даражасын ийгиликтүү коргоп, бүткүл дүйнөлүк атактуу университеттердин көч башында турган Гарвард университетинде окутуучу болуп кызматка киришкен кызынын (Ботоева Айсалкын) чакыруусу менен бардык.

А.Ботоеванын докторлук илимий даражасын атайын белгилеп, диплом тапшыруу салтанатына катыштык. Бул аземдин жүрүшүн американын телевидениеси бүткүл жер жүзүнө онлайн режиминде түз алып көрсөттү (аны Кыргызстанда да көргөндөр арбын экен). Биз өз кезегинде Браун университетинин жетекчилигине жолугуп, алыскы кыргыз жеринен келип, окуп, илимий даражасын ийгиликтүү коргогон Айсалкын Ботоевага бардык шарттарды түзүп, алты жыл бою камкордукка алышкандыгына өзгөчө ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы флагман окуу жайы болгон Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин турмушу жана окуу процессиндеги жаңылануулар жөнүндө кеңири маалыматтарды берүүгө жетиштик.

Андан соң, Бостон шаарындагы Гарвард университетинде болуп, атактуу окуу жайдын тарыхы, окутуу базасы, бүгүнкү турмушу тууралуу кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Гарвард университетине окутуучу болуп орношкон кызыбыз Айсалкын Ботоева дүйнө элдерин тамшандырган, өтө кадыр-барктуу окуу жайдын окуу кампусу, кайталангыс, бай китепканаларын кыдыртып, дүйнөгө, адамзатка 30дан ашык Нобель сыйлыгынын лауреаттарын берген жердин касиети. Баалуулуктары жөнүндө кызыктуу саякаттарды уюштурду. Бизди өзгөчө кубандырган жүйөө, Айсалкын Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу атагы таш жарган окуу жайда иштеген алгачкы карлыгач болуп калышында. Бул сенсациялуу, ар бир кыргыз баласынын көкүрөгүнө сыймык жараткан окуя тууралуу ата мекендик басылмаларга, журналдарга атайын репортаж, макала, материалдар жарыяланмакчы.

Мындан сырткары, Америка жергесине ырааттуу уюштурулган саякат күндөрү Нью-Йорк, Филадельфия, Вашингтон, Бостон ж.б. шаарларында болуп, Атлантика океанын жээктеп, көп кызыктарга, таасирлерге күбө болдук. Булар боюнча студенттерге кеңири кеп салып, кезеги келгенде кыргыз коомчулугуна басма сөз беттери аркылуу кабардар кылуу максаттарым бар....

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!