Жол кырсыгынан 3 адам каза болду

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкек-Токмок автожолунун 55-чакырымындагы айланма жолдо «Тойота Авенсис» автоунаасы жол четиндеги тосмону сүзүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгына караштуу патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-июлда, болжол менен саат 07:00 чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен бир кыз ооруканага түшкөн. Ал эми автоунаанын ичинде 2 бала, 2 кыз болгон жана алар Ысык-Көлдөн Бишкекке кайтып келе жатышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!