​Сами Юсуф Кыргызстанда бир ай болот

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Британиялык белгилүү музыкант Сами Юсуф Кыргызстанга бир айга келип, 4 ырына клип тартат. Бул тууралуу журналист Эрназар Таштанбаев билдирди.

"Август айынын аягында Сами Юсуф Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу максатында, өлкөбүздөгү тарыхый кооз жерлеринен 4 клип тартмай болду. Ырларын кыргыздын ооз комуз, кыл кыяк, комуз сыяктуу улуттук аспаптарынын коштосунда жаздырууну пландаган. Аны менен катар эс аларын жана кыргыз тилинде ырдарын айтты”,-деди Эрназар Таштанбаев.

Белгилей кетсек, Сами Юсуф Борбор Азияда алгачкы жолу чыгармачылык концертин 30-июнда Бишкекте өткөргөн. Ал кыргыз жери кооз экенин, улуттук кийимдер тууралууу учкай кеп салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!