​Мэрия: Пионер жана Комсомол көлмөлөрүнө түшпөгүлө!

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Пионер жана Комсомол көлмөлөрүнө сууга түшпөөнү өтүнөт. Бул тууралуу мэрияынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Учурда эки көлмөдө тазалоо иштери жүрүп жатат. Андан кийин суу толтурулат. Ушул жана башка иштер толук аяктагандан кийин сууга түшүүгө уруксат берилет. Андыктан шаар тургундары түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тазалоо иштери соңуна чыкканда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери сууну лабораториялык анализден өткөрүп, текшеришмекчи. Качан гана анализдин жыйынтыгында оң натыйжа көрсөтсө сууга түшүүгө уруксат берилмекчи.

Соңку 15 жылдан бери «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы аталган эки көлмөнү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!