Жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн жалмады

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлшты..

Маалыматка ылайык, жол кырсык кечээ, 9-июлда саат 11:00 чамасында Тоң районуна караштуу Кулунду айылында катталган. Анда Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа менен Субару Легаси үлгүсүндөгү унаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен улам 9 адам жабыркаган алардын ичинен 5өө ар кандай жаракат алып 4 адам каза болгон.

ӨКМнын куткаруучулары кырсык болгон жерге барышып, унаага кыпчылып калган адамдардын сөөгүн чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!