Кыргызстан Никарагуа менен кызматташат

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстан менен Никарагуанын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, биргелешкен документке Нью-Йорк шаарында 7-июлда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева жана Никарагуа республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Мария Рубиалес де Чаморро кол койду.

Биргелешкен коммюникте эки тарап БУУнун эл аралык укук принциптеринин негизинде, эл аралык тынчтыкты сактоо, мамлекеттердин теңдиги, улуттук эгемендикке, мамлекеттин аймактык биримдигин урматтоого багытталган дипломатиялык мамиле түзгөнү жазылган. Ошондой эле, анда өлкөнүн ички саясатына кийлигишпөө келишими дагы камтылган.

Кол коюу аземинен кийин эки тараптуу жолугушуу өттү. Анда БУУнун жана башка эл аралык мекемелердин алкагында эки өлкөнүн мамилесин жакшыртуу талкууланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!