Сүлөөсүндүн терисин саткан жаран кармалды

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Алай районунун Күн-Элек айылында сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү Мамэкотехинспекция жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн рейд учурунда жогоруда аталган айылда сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан жеринен Токоев Кенжебек аттуу жаран кармалган.

«Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспектору Б. Мансуров тарабынан тийиштүү акты, протоколдор толтурулду. Ал эми сүлөөсүндү аталган жаран капкан коюп кармаганы териштирүүдө аныкталган. Ошондой эле иш кагаздары толукталып, тийиштүү чара көрүү максатында материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!