Чек ара кызматын Шаршеев жетектейт

11-Июль 2017, Шейшемби

Уларбек Шаршеев мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Шаршеев буга чейин Баткенде чек ара зардалы, Башкы штабдын жетекчисинин орун басары жана Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!