Тоңдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды

11-Июль 2017, Шейшемби

Тоң районунда эки унаа кагышып, анын кесепетинен 59 жаштагы жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ 10-июлунда саат 21:00 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү (S 89-38 М) кичи автобус менен “Мерседес-Бенц - Вито” (S 16-67 И) үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Вито унаасынын ичинде жалпысынан 12 адам, ал эми “Мерседес-Бенц” унаасында 2 адам болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркап, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Кырсык болгон жерге №38-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу барып, жаракат алган адамдарды унаалардан чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүшкөн”,- деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: интернеттен алынды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!