Бишкек-Балыкчы-Торугарт жолун сел каптады

12-Июль 2017, Шаршемби

Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолуна түшкөн сел калдыктары толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Тон районунда 12-июль күнү саат 00:30 чамасында Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолунун 139-140-чакырымдарында жаап өткөн жаандын кесепетинен жолду кыян суу каптап, унаалардын каттамына тоскоолдук жараткан.
Ошондой эле 11-июль күнү саат 22:30 чамасында Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында жолдун четине тоодон шагыл-таштар түшкөн. Унаа жол тосулган эмес. Жабыркагандар жок.


Жолду тазалоого Кемин райондук №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч 1 грейдер, 2 самосвалтартылган. Бул техникалардын жардамында унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Фото: Спутник

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!