Пара алып жаткан жеринен кармалды

14-Июль 2017, Жума

Бишкек шаарындагы Свердлов райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн П.А. аттуу кызматкери ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июлда кармалган П.А. чет элдик И.К аттуу жарандан документтерин кабыл алып жана кийин Кыргызстандын иммигранты деген статусун каттап берүү үчүн 3 миң АКШ доллар сураган.

Аталган факты боюнча “пара алуу” жана “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!