Унаадан эки адамдын сөөгү табылды

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кочкор районунда Нива үлгүсүндөгү унаа сууга кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 16-июлда Ак-Кыя айылындагы Кочкор-Арчалуу жолунун 55-чакырымында болгон. Анда Нива үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн Кара-Кужур суусуна кулап кеткен.

“Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги 1 аял менен 1 эркек кишинин сөөгүн чыгарышып, Кочкор районунун "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдардын аты-жөнү такталууда”, - деп жазылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!