Алайда жер титиреди

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер силкүнүү катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, ж17-июль күнү ергиликтүү убакыт боюнча саат 03:13 чамасында аталган райондун аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

“Жердин силкинүүсү Кара-Киндик айылында - 4 балл, Икизяк, Көк-Суу, Бор-Дөбө айылдарында - 3 балл, Иркештам айылында - 2,5 балл сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!