Жети-Өгүздө унаа кырсыгынан 4 киши жабыркады

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кечээ, 16-июлда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы Кытай айылында унаа кырсыгы катталып, анын кесептинен 4 киши жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жаракат алгандар Ысык-Көл облусттук ооруканасына жаткырылып, дарыланууда. Эки адамдын биринин абалы оор деп айтылууда.

Алар:

1.1988-жылы туулган О.К. баш мээсинен катуу жаракат алып, чайкалган. Ашказаны жабыркаган. Абалы оор деп айтылууда.

2.1960-жылы туулган А.М.дин баш мээси чайкалып, көкүрөк клеткалары жабыркаган, согончок сөөгү сынган. Учурда абалы туруктуу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!