Көлмөгө жергиликтүү тургун чөгүп кетти

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын эс алуу жайындагы көлмөгө эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен адам 1980-жылы туулган К.Т аттуу жергиликтүү тургун экендиги аныкталган. Куткаруучулар кечээ, 16-июлда саат 18:40 чамасында чөгүп кеткен адамдын сөөгүн суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен. Издөө иштерине 7 куткаруучу тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!