​Пионер жана Комсомол көлмөлөрү ачылды (фото)

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкектеги Пионер жана Комсомол көлмөсү эс алуучуларга сууда сүзүү сезонун ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө көлмө толугу менен тазаланып бүтүп, суу толтурулуп бардык каалоочуларга эшик ачык.


«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы аянты 11 миң м3 түзгөн жерди тазалап, 11 500 кг туз жана 2000 кг хлор менен тазаланды.

Күн сайын саат 8:00дөн түнкү 24:00гө чейин укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынып турмакчы.

Эске салсак, 10-июлда «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы аталган эки көлмөнү соңку 15 жылдан бери тазалоо иштери жүрбөгөндүгүнө байланыштуу убактылуу жабылган эле.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!