Баңгизаты боюнча 4 факты аныкталды

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Милиция кызматкерлери тарабынан республика аймагында баңгизат боюнча 4 факты катталганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Аксуу районундагы Боз-Учук милициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери 40 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан. Милиция кызматкерлерине жогорудагы жарандын баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экени жөнүндө ыкчам маалымат келип түшүп, шектүү Аксуу районунун көчөлөрүнүн биринен кармалып, текшерүү учурунда жанынан баңгизаты табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен 200 грамм салмагындагы марихуана экени аныкталган.

Ал эми Бакай-Ата районунун ички иштер органынын кызматкерлери баңгилик каражатты мыйзамсыз сактоо фактысын ачыктаган. Келип түшкөн маалыматты текшерүү маалында милиция кызматкерлери Бакай-Ата районунда жайгашкан талаадан шектүү жаранды кармашкан. Колунда баштыгы бар жаран милиция кызматкерлерин көрөөр замат качканга аракет кылган. Ал 37 жаштагы мурда соттолбогон жергиликтүү тургун болуп чыккан. Текшерүү маалында шектүүдөн 215 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты алынып, ал алынган баңгизатты жеке колдонууга даярдаганын түшүндүргөн.

Ошондой эле ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май районунун көчөлөрүнүн биринен 58 жаштагы Чүй облусунун жашоочусун кармаган. Шектүүнү текшерүү учурунда шымынын чөнтөгүнөн полиэтилин баштыгына оролгон катуу затты табышкан. Андан алынган зат 137 граммды түзүп, гашиш баңгизаты экенин экспертиздан далилденген.

Андан сырткары милиция кызматкерлери Жүмгал районунан “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушуп, салонунан жалпы салмагы 400 граммды түзгөн марихуна баңгизатын табышкан. Ошол жерден автоунаанын ичиндеги эки жаран кармалган.

Эс алуу күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан алынган баңгизаттарынын жалпы салмагы 952 граммды түзгөн.

Жогорудагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын, эске таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, өткөрүү, пайдалануу, ташуу же жөнөтүү» 246-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!