“Аврора+” пансионатында өрт чыкты

19-Июль 2017, Шаршемби

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан “Аврора+” эс алуучу жайында өрт чыккан. Анын натыйжасында 2 кабаттуу жыгачтан салынган коттедждин бөлмөлөрүн бөлгөн дубалы, 2 суу жылытуучу аристон, электр чубалгылары, желим эшик жана башка буюмдар күйгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жаракат алган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!