Ахунбаевди узатуу зыйнаты өттү

19-Июль 2017, Шаршемби

Бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, А.Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, опера ырчысы, режиссёр, профессор 83 жаш курагында узака созулган оорудан кийин дүйнɵдɵн кайткан Мустафа Ахунбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маркумду акырка сапарга узатуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында болду. Ага маркумдун жакын туугандары, бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенциянын адамдары, чогуу иштешкен кесиптештери, санаалаштары катышты.

Мустафа Ахунбаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!